Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда жок, жетиштүү турмушта эмес, оокат-тиричилиги чабал, жоксуз. Колунда бар кишилерге эчтеке эмес, айрыкча колу жука адамдар карызга батат («Аалам»). В.: Колу тайкы. Колу тайкы болгон менен дили бай азаматтын делебеси козуп, манаптын бой жеткен кызына ашык болот (Бейшеналиев). Колу тайкы адамга Дос болбогон Чагырбай (Токтогул). Колу тайкы, калың төлөөгө кудуретсиз, бой, жалчы жигиттер кубатташты (Бейшеналиев). Колу кыска. Ойдо бар, бирок кол кыска.